Эки жылда биз кошумча 310 млрд сомду мобилизациялоого жетиштик — Акылбек Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда эки жылда салыктарды жана бажы төлөмдөрүн чогултуу көрсөткүчтөрү 310 млрд сомго өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Жакырчылык жана теңсиздик" Улуттук өнүктүрүү форумунда сүйлөп жатып билдирди.

"Быйыл салык инспекциясы 196,1 миллиард сом чогултса, 2019-жылы болжол менен 70-75 миллиард сом чогулткан. Азыр бул көрсөткүч 2,5-3 эсеге көп. Бажы кызматы 94,6 млрд сом чогултат. 2019-жылы пандемияга чейин 50 млрд сомго жакын акча чогулткан. Эки жылдын ичинде биз кошумча 310 млрд сомду мобилизациялоого жетиштик", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы бул акчанын баары элдин жыргалчылыгын жогорулатууга жана экономиканы көтөрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий