• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Эки жылдын ичинде Казакстандан көмүр сатып алганды токтотобуз — энергетика министри

Коом 0

Бишкек, 09.10.24./Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев эки жылдын ичинде Казакстандан көмүр сатып алганды токтотобуз деген билдирүү жасады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Ибраевдин айтымында, буга чейин Бишкектеги ЖЭБге көмүр Кыргызстандагы кендерден казылып алынса, бир бөлүгү Казакстандан ташылып келчү. Маселен, быйыл 750 миң тонна көмүрдү Кыргызстандын көмүрчүлөрү камсыз кылса, 250 миң тоннасы Казакстандан сатып алынат. Буга чейин Казакстандан жылына 400-500 мин тонна көмүр ташылып келчү.

«Бул жерде, «жылына коншу мамлекеттен 400-500 миң тонна көмүр сатып алып жүрүп, быйыл эмнеге 250 миң тонна гана аласыңар?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Көпчүлүк билгендей, Миң-Кушта Ак-Улак көмүр кени бар. Быйыл ал жактан 180-200 миң тонна көмүр алып келип ЖЭБде жагып көрдүк. Калориясы туура келди. Быйыл ошол кендин көмүрүн жагууну пландаштырып атабыз. Президентибиз эки-үч жылда «импорттон кетиш керек» деген тапшырма койгон. Биз эки жылдын ичинде Казакстандан көмүр алганды толугу менен токтотобуз деп пландар бар. Анын ордуна кайсы кендерден көмүр казып ала турганыбызды караштырып жатабыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий