• 87
  • 91.29
  • 0.84

ЕККУ ПАнын күзгү жыйынында БА жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук маселелери талкууланат

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны 3-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Жыйынга Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү катышат. 3-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында өтө турчу ЕККУ ПАнын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын Төрагасы Георгий Церетели катышат.

4-октябрда “Дамас” мейманканасында “Орто Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында парламенттик конференция өтөт. Конференциянын жүрүшүндө “Ишенимди бекемдөө жана аймактык кызматташтык аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү”, “Жер ортолук деңиз форуму: Борбор Азия жана Жер ортолук деңиздеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү” аталышындагы эки сессиялык отурум болот.

Ал эми 5-октябрда “Орто Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында конференция өтөөрү күтүлүүдө. Анын алкагында “Коопсуздук бирикмелерин түзүүгө жарандарды тартуу ишин кеңейтүү” аталышындагы сессия болот. Андан тышкары, иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүндө катышат.

ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат жана шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Пикир

Оставить комментарий