• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин жыйыны өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмдун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Туруктуу комитетинин жыйыны башталды.

Туруктуу комитеттин жыйынын ачкан ЕККУ ПА төрагасы Георгий Церетели бул уюмдун 2018-жылдагы жасаган ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылып, келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын катышуучулары учурдагы эл аралык саясый маселелерди талкуулоону, шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча иштер, атайын комитеттердин, атайын өкүлдөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу баяндамаларды угууну пландаштырып жатат. Ошону менен катар парламентчилер ЕККУ ПАнын Жол-жобо эрежелери боюнча комитетчесинин төрагасы лорд Питер Боунесстин баяндамасын жана ЕККУ ПАнын Казыначысы Дорис Барнеттин отчетун угушмакчы. Мындан сырткары, Туруктуу комитет жыйынынын катышуучулары ЕККУ ПАнын 2018-2019-жылдардагы жыйындарынын ордун жана датасын аныктоо маселесин карашат.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтүп жатат. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.

Пикир

Оставить комментарий