ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМге техникалык жабдууларды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий департаментинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар 2023-жылдагы өз ара аракеттешүүнүн жыйынтыктарын талкуулап, кийинки жылга карата эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин пландарын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаранын алкагында ИИМге техникалык жабдууларды тапшырды.

Нурбек Жангабылов ЕККУнун Программалык кеңсесине көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык айтып, укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ишинде мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.

Азыркы учурда ЕККУ биздин маанилүү өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат, ал коом менен милициянын ортосундагы өз ара мамилелердин өнөктөштүк моделин түзүүгө, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган чараларды ишке ашырууга олуттуу салым кошууда.

Өз кезегинде Константин Бедарев сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаранын алкагында ИИМге техникалык колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий