• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Экология министри менен Улуу Британиянын элчиси жаратылышты коргоо маселелери боюнча кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, жаратылышты коргоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Министр Тургунбаев Улуу Британия менен кызматташууну жогору баалап, аны кеңейтүүнүн келечегине чоң маани берди.

Министр белгилегендей, Кыргызстандын экономикасы үчүн минералдык-чийки зат ресурстары өзгөчө мааниге ээ. Кен казуу тармагын өнүктүрүү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Минералдык-чийки зат базасын толуктоо тоо-кен казып алуу жана башка тармактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, бул региондордун жана бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу зарылдыгы пайда болду. 2021-жылдын 5-январында КР президентинин алгачкы жарлыктарынын бири "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлык кабыл алынган, ал эми ошол эле жылдын 5-августунда "Жер казынасы жөнүндө"мыйзам кабыл алынган. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу, анын ичинде тармакты "жашыл" трансформациялоо үчүн тоо-кен ишканалары үчүн жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты.

Жолугушууга ошондой эле министрдин орун басары А. Темиркулов жана министрдин орун басары – Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору Э. Осмонкулов катышты.

Пикир

Оставить комментарий