• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Экологиялык инновацияларга артыкчылык берилет. Асман шаарынын концепциясында эмнелер камтылат?

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар – Мээрим Дүйшөналиева/. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун аймагында Асман экологиялык таза шаарынын пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары иштелип чыкты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Долбоордун негизги милдеттери. Шаарды курууда “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо зарыл. Ошондой эле көлдүн аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү керек.

Мындан тышкары, Асман экологиялык таза шаарын куруу министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдети экени айтылды.

Концепциянын негизги багыттары. Министрлер кабинети 2025-жылдын 1-мартына чейин Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясын иштеп чыгат жана бекитет, анын ичинде төмөнкү негизги багыттарды карай тургандыгы белгилүү болду:

  • Айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо. Илимий мекемелер тарабынан мамлекеттик заказ боюнча бюджеттик программалар жана эл аралык гранттар аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • Жаратылыш объекттерин сактоо. Жер, суу, аба, жер казынасын, өсүмдүктөрн жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана коргоону камсыз кылуу;
  • Инновациялык технологияларды киргизүү. Шаарды долбоорлоодо жана курууда айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына терс таасирин төмөндөтүүчү, ошол эле учурда жөө адамдардын жана велосипед жолдорун кеңири пайдаланууну караган инновациялык технологияларды киргизүү;
  • Курулуш материалдарын тандоо. Айлана-чөйрөгө жана калкка эң аз экологиялык коркунуч келтирген продукцияларды пайдалануу;
  • Энергияны үнөмдөө. Имараттарды жана үйлөрдү курууда энергияны үнөмдөөчү “акылдуу үй” технологияларын колдонуу;
  • Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу. Шаардын аймагында айлана-чөйрө объекттерин сарамжалдуу пайдаланууну жана биологиялык ресурстарды кайра өндүрүүнү камсыз кылуу;
  • Шаарды жашылдандыруу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген шаарларды жашылдандыруунун экологиялык нормативин сактоо, бак-дарактардын композициясынын негизги элементтерин киргизүү менен жалпы аянттын пайыздык катышында шаардын жашылдандырылышын сактоо;
  • Шаардын экономикасын экологиялаштыруу. Шаардын экономикасын экологиялаштыруу, жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин киргизүү;
  • Калдыктар менен иштөө системасын өркүндөтүү. Экологиялык коопсуздукту эске алуу менен калдыктар менен иштөө системасын өркүндөтүү, уулуу химиялык жана радиоактивдүү заттарды экологиялык жактан коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу, курамында кооптуу заттарды (сымап термометрлер, батарейкалар, сымап камтылган лампалар жана башкалар) камтыган товарларды чогултуу, пайдалануу жана/же зыянсыздандыруу системасын уюштуруу, медициналык калдыктарды утилдештирүү;
  • Электр транспортун өнүктүрүү. Электр транспортун заряддоо инфраструктурасын түзүү, шаарда бензин, дизелдик отун, газ менен жүргөн транспортту пайдаланууга тыюу салуу, электр транспортторун гана пайдалануу;
  • Велосипеддерди пайдалануу. Шаардын калкынын велосипеддерди активдүү пайдалануусу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
  • Экологиялык маданиятты калыптандыруу. Жарандык коомдун институттарын тартуу менен калкка үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүнүн комплекстүү системасын түзүү, калктын айлана-чөйрө маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуусу;
  • Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. Шаарды курууда айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга кошумча тышкы инвестицияларды тартуу.

Белгилей кетсек, Асман шаары Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосуна курулмакчы. Анын жалпы аянты 4 миң 15 гектарды түзүп, 500дөн 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий