Экономика министри Дүйнөлүк банктын аймактык директорлору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Дүйнөлүк банктын аймактык директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу ведомтводон билдиришти.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адилет өсүш, финансы маселелери жана институттар боюнча аймактык директору Асад Алама, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова айым жана Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы болуп дайындалган Хью Риделл катышты.

Министр Хью Риделлди Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Амангелдиев Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттары жана экономикалык өсүшкө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар, мисалы: көмүскө экономиканы минималдаштыруу, ошондой эле экспортту өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана салык саясаты чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады.

Д.Амангелдиев Дүйнөлүк банктын тобуна өлкө үчүн абдан актуалдуу болгон "Камбар-Ата – 1 ГЭСи", "CASA-1000" жана "Күн электр станцияларын куруу" сыяктуу ири энергетикалык долбоорлорду илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү экономика тармактарын реформалоого багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар негизги тармактарда активдүү өз ара аракеттенүүнү пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий