• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Экономика министри Душанбеде эл аралык инвестиция жана тоо-кен форумуна катышты

Экономика 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Душанбе шаарында эл аралык инвестиция жана тоо-металлургия форумуна жана көргөзмөгө катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада министр Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк чийки зат тармагындагы маанисине токтолду.

Ал өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко баалуу жана түстүү металлдарды, сейрек кездешүүчү металлдарды жана казылып алынуучу отунду жеткирүүдө салттуу түрдө маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи.

"Биздин өлкөлөрдүн жер катмарында Менделеевдин таблицасы толук камтылган десек болот. Бизде технологиялык компаниялар үчүн негизги чийки зат биржасына айланууга, ошондой эле коңшу республикалар менен кызматташып, ресурстарды терең кайра иштетүү үчүн инфраструктура түзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар,” — деди министр.

Ал сөзүн жыйынтыктап жатып аймактагы өлкөлөрдү заманбап технологияларды киргизүүгө, инвестицияларды тартууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл бурууга чакырды. Министрдин айтымында, Кыргызстан бул багыттарда топтогон тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий