• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Экономика министри ЕРӨБдүн вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Марк Боумандын жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Амангелдиев Кыргызстандын өкмөтү тарабынан салык саясаты тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана ишкердик үчүн шарттарга кеңири токтолду. Ал ошондой эле кыргыз ишканаларын каржылоого эки тараптуу каржы институттарынын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай каржылоонун аркасында 2023-жылы өлкөдө бизнести өнүктүрүүгө 400 миллион АКШ долларын бөлүүгө мүмкүн болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, министр рыноктун туруксуздугун эске алуу менен, ЕРӨБгө өлкөдөгү ишканаларды жана ишкерлерди көбүрөөк тартуу максатында Кыргызстанга кредит берүүнүн финансылык шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Кошумчалай кетсек, Амангелдиев эл аралык уюмдар үчүн кыргыз сомунда баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин, бул өлкөгө кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирип, Кыргызстандын көмүртектүү нейтралдуулукка жетишүү боюнча пландарын эске алуу менен креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн, сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүүнүн жана геотермалдык энергияны колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Марк Боуман Кыргызстан үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары жана суу ресурстары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоонун стратегиялык маанисин, өлкөнүн суу ресурстарын сактоо максатында ирригациялык системаларды өнүктүрүү жана ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тарап тең өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бул аракеттердин маанилүүлүгүн түшүнүү менен Кыргызстандын энергетикасын жана экономикасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий