Экономика министринин орун басары ЕРӨБ өкүлдөрү кызматташуу маселесин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү (ЕРӨБ) - Евразия боюнча энергоресурстар департаментинин директорунун орун басары Ерлан Рамазанов жагна башкы кеңсенин жетектөөчү банкири Кудо Акихиро менен жолугушту.

Тараптар энергетика тармагында, ошондой эле суу менен камсыздоо, ирригация жана транспорт сыяктуу инфраструктуралык тармактарда эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Министрдин орун басары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда муниципалдык органдардын потенциалын жогорулатуунун жана жеке секторду колдоонун маанилүүлүгүн, административдик-аймактык реформаларды эске алуу зарылдыгын, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууда жана демилгелөөдө комплекстүү мамилени белгиледи.

Өз кезегинде ЕРӨБ өкүлдөрү эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү координациялоодо, ошондой эле демилгелерди жана долбоорлорду макулдашууда кыргыз тараптан ЕРӨБдүн башкаруучусу катары министрликтин маанилүү ролун белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон долбоорлорун талкуулашып, натыйжалуу өнөктөштүктү арттыруу боюнча ишти улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий