• 87.86
  • 93.94
  • 1

Экономика министринин орун басары Европа биримдигинин делегациясы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүктөр боюнча башкы дирекциясынын өзгөчө класстагы кеңешчиси Хенрик Хололей баштаган Европа биримдигинин делегациясы менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы Европа биримдигинин долбоорлорунун учурдагы статусун, ошондой эле кпп алкагында долбоордук демилгелерди, анын ичинде Транскаспий транспорттук коридорун колдоо боюнча аймактык транспорттук программаны талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий