Экономика министринин жаңы орун басарлары жамаатка тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кечээ, 2-мартта КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, Усенбекова Айнура Доктурбековна жана Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич КР экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалган.

Тиешелүү буйруктарга 1-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий