Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк банктын Business Ready (B-Ready) программасынын алкагында сурамжылоо барагын даярдап, толтуруу боюнча иштер башталганын маалымдайт.
Ведомстводон билдиришкендей, бул демилге өлкөдөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, туруктуу экономикалык өсүүгө жана ишкердикти өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган стратегиялык кадам болуп эсептелет.
Business Ready программасы мурдагы "Ишкердик жүргүзүү" индексинин (Doing Business) ордуна сунушталган жана ишкердик жүргүзүүнүн негизги аспектилерин талдоо менен өркүндөтүүгө багытталган универсалдуу инструмент. Программа ар кандай экономикалык өнүгүү деңгээлинде турган өлкөлөрдүн муктаждыктарын эске алуу менен жөнгө салуу тоскоолдуктарын жоюуга, институционалдык чөйрөнү модернизациялоого жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга шарт түзөт.
Кыргызстандын B-Ready программасына катышуусунун негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ички жана тышкы инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- ишкердикти каттоо жана жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- эл аралык соода процесстерин оптималдаштыруу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү;
- мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү.
Министрлик белгилегендей, B-Ready программасын ишке ашыруу Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатууга, ишкерлер менен инвесторлордун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр үчүн шарттарды камсыздоого мүмкүндүк берет.
"Ишкердик чөйрөнүн негизги аспектилерин чагылдырган сурамжылоо барагын даярдоо учурдагы абалды баалоо жана андан ары өркүндөтүү багыттарын аныктоо үчүн керектүү аналитикалык базаны түзүүнүн негизги кадамы болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.
Экономика министрлиги бул программага катышуу экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруунун, ишкердик секторду бекемдөөнүн жана өлкө жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуунун маанилүү куралы болоруна ишеничин билдирет.
Пикир
Оставить комментарий