Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кеңешүү үчүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясындагы мүчөлөрүн чакыртып алууну сунуштады.
«Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына караганда, чек арада азыр төмөнкү документтер текшерилип жатат: CMR (эл аралык товар жана транспортту коштоп жүрчү кагаздар), ТТН (товар менен транстпортту коштоп жүрчү кагаздар), инвойс же эсеп-фактурасы,транспорт каражатынын техникалык паспорту жана чек арадан өткөндүгү тууралуу талондор. Мындай аракеттер жашыруун бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп эсептелет. Бул биримдиктин нормаларына каршы келет, ошондой эле ЕАЭБдин ички базарында товарлардын эркин жүрүүсү жөнүндө айтылган ЕАЭБ тууралуу келишимдин 25-беренесинин жобосун бузат», - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасында товарлар жүктөлгөн жүк унааларын текшерүү 19-марттан тарта күчөтүлгөн. Товар алып бараткан ар бир транспорт каражаты узакка текшерилип, буга байланыштуу алардын чек арадан өтүү убактысы созулуп кеткен.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын 2-апрелдеги маалыматы боюнча кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турган.
Пикир
Оставить комментарий