• 87
  • 91.29
  • 0.84

Экономика министрлигинде Европа биримдигинин миссиясы менен жолугушуу өттү

Экономика 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кыргызстанга Европа биримдигинин "ВСП+" схемасынын алкагында эл аралык конвенцияларды ишке ашырууну мониторинг кылуу боюнча миссиясы келди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Миссиянын алкагында делегация мүчөлөрү Кыргызстандын экономика министринин орун басары Санжар Болотов менен жолугушту.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар "ВСП+" схемасын мындан ары колдонуу жана Кыргызстан тарабынан аталган механизмдин алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу боюнча негизги маселелерди талкуулашты.

Аны менен бирге ушул жумада бир катар кластердик жолугушуулар өтмөкчү, анда укук жана эркиндик, эмгек укуктары, экологияны коргоо жана климаттык чаралар, ошондой эле тийиштүү башкаруу принциптерин ишке ашыруу боюнча негизги конвенциялар талкууланат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2016-жылдан бери "ВСП+" схемасына катышуучу өлкө болуп эсептелет, ал эми бул миссия аталган статус алынгандан бери бешинчи жолу өтүп жатат.

Маалымат үчүн: "ВСП+" — бул Европа биримдигинин туруктуу өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу үчүн атайын программасы. Бул программага катышкан өлкөлөр 27 эл аралык конвенцияны ратификациялап, аларды натыйжалуу ишке ашырууга милдеттүү. "ВСП+" статусун колдонуу Европа биримдигинин өлкөлөрүнө 6000ден ашык аталыштагы товарларды бажы төлөмүсүз экспорттоого укук берет. Негизинен, бул айыл чарба продукциялары: жемиштер, кайра иштетилген жемиштер (консерваланган продукциялар, ширелер), кургатылган жемиштер жана жаңгактар (грек жаңгагы, бадам, фисташка), чийки зат (буурчак, нокот), азык-түлүк, тамеки, ошондой эле текстиль, кийиз буюмдары, тери кийимдер, килемдер жана башка товарлар.

Пикир

Оставить комментарий