• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Экономика министрлигине 100 жыл! Бишкекте илимий-тажрыйбалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган "Экономикалык кереметтин негиздери – 2030: Кыргыз илбирсинин секириги" аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада Кыргызстандын 2030-жылга чейинки экономикалык өнүгүү жолдору, энергетикалык көз карандысыздык жана жаш муундун келечектеги экономикалык чындыкты түзүүдөгү ролу талкууланды.

Илимий конференциянын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Экономикалык кызматтардын тарыхый салымы" аттуу баяндама жасап, экономикалык кызматтардын Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү маанилүү ордуна токтолду.

Конференциянын алкагында өткөн эки сессияда өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты, агрардык революция, энергетикалык көз карандысыздыкка өтүү, инфраструктурага инвестициялар жана каржылык жеткиликтүүлүк маселелери каралды.

Мындан тышкары, регионалдык жана глобалдык соода коридорлору, ошондой эле Кыргызстандын жаштарынын жаңы экономикалык реалдуулукту куруудагы ролу боюнча маанилүү талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртууга багытталган сунуштар жыйынтык резолюцияга киргизилп, иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн академиялык кызматкерлер сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий