• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Экперттер антибиотиктерге туруктуу патогендик микроорганизмдердин коркунучун эскертет

Дүйнө 0

Бишкек, 18.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. 2050-жылга чейин дүйнөдө антибиотиктерге туруктуу патогендик микроорганизмдерден 39 млн адам каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Lancet" илимий журналындагы изилдөөдө айтылат.

Мындан тышкары, изилдөөдө антибиотиктерге туруктуу инфекциялар 169 млн адамдын өлүмүнө кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн экени айтылат.

1990-жылдан 2021-жылга чейинки маалыматтардагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыл сайын бир миллиондон ашык адам туруктуу патогендерден улам каза болгон. Бул аралыкта беш жашка чейинки балдардын өлүмү 50 пайызга кыскарса, 70 жаштан ашкандар арасында 80 пайызга өскөн. 2050-жылга карата балдардын өлүмү эки эсеге төмөндөсө, ал эми улгайган адамдарда эки эседен ашык өсүшү мүмкүн.

Окумуштуулардын айтымында, эгерде чара көрүлбөсө, патогендер жылына 1,91 млн адамдын түздөн-түз жана 2050-жылга карата 8,22 млн адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Бул акыркы жылдарга салыштырмалуу 70-75%га өсүшү мүмкүн экенинен кабар берет.

Окумуштуулар өлүмдүн көбөйүшүн айыл чарбасында жана медицинада антиобиотиктерди ашыкча колдонуу менен байланыштырышууда.

Илимий адистер белгилегендей, эгерде инфекцияны алдын алуу жакшырса, сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүк камсыз кылынса жана жаңы антиобиотиктер иштелип чыкса, өлүмдүн олуттуу бөлүгүн алдын алууга болот. Мындан сырткары, медицинада, башка тармактарда антибиотиктерди керексиз пайдаланууну азайтуу маанилүү.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеясы келерки аптада Нью-Йорк шаарында чогулат, анда дүйнөлүк лидерлер антибиотиктерге туруктуу инфекциялар менен күрөшүүгө багытталган саясий декларацияга кол коюшат.

Пикир

Оставить комментарий