Бишкек, 27.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кыргыз мамлекетинин, элинин дагы бир тарыхта жасап жаткан чоң кадамы. Бул тууралуу саясатчы Улукбек Маматаев билдирди.
Анын айтымында, аталган темир жолдун курулушу бүгүнкү күндө өлкө экономикасы үчүн чоң ролго ээ.
“Бул темир жолдун курулушу чөлгө суу алып келгенге барабар чоң долбоор. Анткени, жол бул артерия, кан тамыр. Биз туюк мамлекет болуп келгенбиз, деңизге чыга албайбыз, башка жолдорубуз жок. Ошондуктан темир жол курулса кургак порт түзгөн болобуз. Кургак порт түзүлгөндө чоң бир логистика түзүлөт. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде 650 миллиондон ашык эл бар, ошол эл өзүнүн товарларын, продукцияларын батыш мамлекеттерине, деңизге алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерден бизге дагы чоң пайда түшөт. Биз аркылуу жол өтүп, логистиканы түзөбүз. Жол өткөн жерде дайыма акча, экономикада өнүгүү болот”, - деди Улукбек Маматаев.
Пикир
Оставить комментарий