• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Эквадордо куралдуу кагылыш учурунда ондой киши набыт болду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Эквадордун Гуаякил порт шаарындагы TC телеканалына түз эфир маалында беткапчан, куралданган кишилер чабуул коюшту.

Кийинчерээк куралчан топ телеканалдын имаратынан чыгып кеткени, алардын баары камакка алынганы кабарланды. Полициянын башчысы Сезар Сапата журналисттерге 13 адам кармалганын, алардан курал-жарак жана жардыруучу заттар табылганын билдирди. Телеканалдын бардык кызматкерлери аман-эсендигин маалымдалды.

Эквадордо уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин абактан качып, дайыны чыкпай жатканына байланыштуу 8-январда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бир канча шаарда, анын ичинен баш калаа Китодо полициянын кеминде жети кызматкери барымтага алынды.

Куэнка калаасында белгисиз адамдар аскердик жүк ташуучу унаага колдо жасалган бомба ыргытышкан. Полиция Эсмеральда провинциясында үч жолу жардыруу болгонун кабарлады.

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа 21 кылмыштуу топту террордук жана мыйзамсыз деп атап, "ички куралдуу кагылышуу" режимин жарыялаган жарлык чыгарды. Куралдуу күчтөрдүн башчысы Хайме Вела "жарлыкта айтылган ар бир террордук топ бута болуп саналат" деди. Эквадордун борбору Китонун тарыхый борборуна танкалар жайгаштырылганын Ecuavisa басылмасы жазды.

Жекшемби күнү катуу режимдеги абакта "Чонерос" кылмыштуу тобунун башчысы дайынсыз жоголгон. Фито деген каймана ат менен белгилүү Адольфо Макиас Вильямарды түрмө кызматкерлери эртең менен камерадан таппай калышкан.

Шейшемби күнү түрмөлөрдүн биринен 32 туткун качып кеткен, алардын арасында "Лос-Лобос" мафиясынын лидери Фабрисио Колон Пико да бар. Ал өлкөнүн башкы прокурорун өлтүрүүгө даярданган деген айып менен беш күн мурда камакка алынганын Би-Би-Синин Эквадордогу кабарчысы билдирди.

Өлкөнүн алты провинциясындагы түрмөлөрдө башаламандыктар чыгып, полициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери аны күч менен токтотууга аргасыз болгону айтылууда.

Телеканалга бастырып киргендер менен түрмөдөн качкандардын ортосунда байланыш бар же жок экени азырынча белгисиз.

Перунун өкмөтү Эквадор менен чек арасына өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жерге кошумча полиция жана аскер күчтөрүн жайгаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий