• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Кыргыздардын иденттүүлүгү» темасында семинар болуп өттү

Коом 1

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кечээ, 28-февралда Эл аралык эне тил күнүнө арналган «Кыргыздардын иденттүүлүгү» темасында семинар-лекция болду.

Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чаранын максаты - кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, дөөлөт-мурастарын таанытуу менен жарандарыбыздын атуулдук сезимин курчутуу жана кызматкерлердин дүйнө таанымын өстүрүү болуп саналат.

Семинар-лекциянын жүрүшүндө КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Жума уулу Улан куттуктоо сөзүн сүйлөп, «Бакдөөлөт» коомдук фондунун президенти Мелис Мураталиевге «КР Социалдык фондунун кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» төш белгисин тапшырды.

«Кыргыз таануу» тарбиялык-окуу программасынын алкагында даярдалган дарсы кызматкерлердин атуулдук сезимдерин ойготуу менен бирге, элибиздин тарыхын, тилин, философиясын, этнографиясын, руханий маданиятын ар тараптуу, комплекстүү, илимий деңгээлде түшүндүрүп бере алды.

"Улуттук уңгунун уюткусун кармаган салттуу баалуулуктардын сакталышы жана жайылышы – азыркы коомго аба суудай керектигин тастыктоо менен элине таберик, мурас кылып калтырып кеткен мекенибизди, баалуулуктарыбызды сактоого чакырып кетебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

  • Жамал

    Жамал 2 years ago

    Саламатсыздарбы ушул семинардын толук чыгарылышын кайдан көрүүгө болот

Оставить комментарий