• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эл аралык эне тил күнүндө аңгеме жазуу сынагынын лауреаттары сыйланды

Билим 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. 21-февралда, Эл аралык эне тил күнүндө, башталгыч класстын окуучулары үчүн аңгеме жазуу сынагынын лауреаттарын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Сынакты КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору уюштуруп, өткөргөндүгүн министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, “Окуу керемет” долбоорунун директору Лиана Гертч жана лауреаттар катышышты.

Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында аңгемелерге ачык сынакка 191 аңгеме келип түшкөн. Долбоордун колдоосу менен 43 автор кыргыз тилиндеги 40, орус тилиндеги 24 аңгемени иштеп чыгышкан.

Аңгемелер сүрөттөр менен шөкөттөлүп, электрондук варианттары даярдалат. Андан соң басууга берилип, мектеп китепканаларына таркатылат.

Пикир

Оставить комментарий