Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы коомдук тамактануучу жайларга салыкты төмөндөтүүнү сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн брифингде Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков маалымат берди. Ал коомдук тамактануучу жайларга карата салыктын ставкасын 8%дан 2%га чейин төмөндөтүүнү сунуштады.

“Биз салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн каралган 2,4% ставкага коомдук тамактануу тармагын кошууну сунуштайбыз. Ошондой эле көмүскөдөн чыгаруу үчүн коомдук тамактануу субъектилерине карата КНСтин босогосун жайылтпоо маселесин кароо сунушталды”, - деди Аскар Сыдыков.

Ал ошондой эле жалпысынан бизнестин рентабелдүүлүгү кирешенин 15%ын түзөрүн белгиледи. Эгерде салык 8 % болсо, алар кирешенин жарымын салыкка төгүүгө мажбур болушат.

“Өз кезегинде, бул көмүскөгө кетүүгө алып келет. Ишкерлер бизнесин жаба албайт, ошондуктан формалдык төлөмдөр гана калат. Узак мөөнөттүү келечекте бул туруксуз салык системасына, салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшүнө, жумуш орундарынын кыскарышына жана жумушчу күчүнүн кетишине алып келет”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий