• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Эл аралык келишимдерди милдеттүү түрдө тараптардын тилдеринде түзүү демилгеленди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кечээ, 23-январда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Демилгечи депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорунун максатын чечмелеп берди.

Мыйзам долбоорунун концепциясы кыргыз тарапка мамлекеттик зайымдарды (кредиттерди, гранттарды) берүү жөнүндө донорлор жана (же) эл аралык финансылык институттар жана уюмдар менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү учурунда тараптар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыкты, ал келишимди милдеттүү түрдө тараптардын тилдеринде, башкача айтканда, чет өлкөлүк жана расмий тилдерде түзүүнү карайт.

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча эл аралык келишимдер келишимдин катышуучусунун тилинде, башкача айтканда чет тилде түзүлүшү мүмкүн экендиги каралган. Мында Мыйзамда түзүлүүчү эл аралык келишимдин мамлекеттик же расмий тилдеги версиясы болууга тийиштиги жөнүндө баяндалган эмес. Расмий котормосунун жоктугу же түзүлүүчү эл аралык келишимдин мамлекеттик жана расмий тилдеги версиясынын болбоосу түзүлгөн келишимдин укук ченемдүүлүгү жөнүндө көп сандаган суроолорду жаратат. Ушуга байланыштуу аракеттеги мыйзамдын 4-беренесине “эл аралык келишимдер мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми айрым учурларда келишимдин катышуучуларынын тилинде – мамлекеттик жана чет элдик же расмий жана чет элдик тилдерде жүзөгө ашырылат, мында эл аралык келишимдердин көрсөтүлгөн тексттеринде айырмачылыктар болгон учурларда, мамлекеттик же расмий тилдердеги текст түп нуска болуп эсептелет” деген толуктоо киргизүү сунушталат.

Талкууда бир катар эл өкүлдөрү маселе эл аралык келишимдердин котормосунун сапатында экенин баса белгилешти. Демилгечи депутат эл аралык келишимдерге кол коюлуп жатканда документтин англис тилине кол коюлган сыяктуу эле кыргыз жана орус тилдерине дагы кол коюлуусун сунуштап жатканын түшүндүрүп берди.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий