Бишкек, 20.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгариядагы Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде коло медаль жеңди.
Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өттү.
Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алган. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгариялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.
Чейрек финалда Махмудов сербиялык атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 7:0 эсебинде артта калтырганы менен жарым финалда 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Коло үчүн кармашта Акжол Махмудов венгриялык балбанды эки упай айырма менен жеңип кетти.
Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Элдияр Сатаров жана Марлен Асикеев коло байгеге татыган.
Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.
Пикир
Оставить комментарий