• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эл аралык музейлер күнү: Кыргызстандын музейлери тууралуу сандар жана фактылар

Маданият 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. 1978-жылдан тарта жыл сайын 18-майда дүйнөдө Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул күнү музейлер бардык каалоочулар үчүн эшигин толугу менен акысыз ачышат жана көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарды көрсөтүшөт, “Музейлер - бул маданий алмашуунун, маданиятты байытуунун жана өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана ар кандай элдердин дүйнөсүн өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты" деген ураан рухунда иштешет. Майрамга жаңы көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын ачылышы арналып, музейлерде тематикалык лекциялар, экскурсиялар, илимий окуулар, балдар менен атайын сабактар уюштурулуп, музей-театр спектаклдери өткөрүлөт.

Кыргызстандын музейлери тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн.

2021-жылы республиканын аймагында 68 музей болгон. Келгендерге 330 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү Бишкек шаарына (182 миң), Ысык-Көл облусуна (38 миң) жана Ош шаарына (33 миң) туура келет.

2021-жылы музейлерге 1,6 млн адам келген, бул мурунку жылга салыштырмалуу 10 эсеге көп. Келгендердин эң көп санын Талас облусунуна (48 пайызы), Ош шаарынына (19 пайызга жакыны), Жалал-Абад облусунуна (16 пайызы) жана Бишкек шаарынын музейлерине (10 пайызы) туура келди.

Музейлердин кызматкерлери тарабынан 2021-жылы болжол менен 8 млн экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү 650 миңге жакын лекциялар даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий