Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр Кыргызстандын өнүгүү багытында бара жатканын тастыктоодо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.
Өлкө башчысынын пикиринде, Тынчтыктын глобалдык индексине ылайык, 2023-жылы Кыргызстан 101-орунда эле, ал эми 2024-жылы 77-орунга көтөрүлдү.
"Бир эле жылдын ичинде биз өзүбүбүздүн абалыбызды 24 позицияга ишенимдүү жакшыртканбыз. Башкача айтканда, өлкөбүздүн коопсуздугу 24 позицияга артып, улуттук коопсуздугубуздун бекемделгенин күбөлөндүрүп турат.
Биз Кыргызстан коопсуздуктун, туруктуулуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү орногон мамлекет болушуна умтулуудабыз", - деп белгиледи президент.
Пикир
Оставить комментарий