• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Эл аралык руханий форум дүйнө элдерин ынтымакка жана тынчтыкка чакыруу милдетин көздөйт

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Эл аралык руханий форум кыргыз элин гана биримдик, ынтымакка чакыруу эмес, дүйнө элдерин да тынчтыкка чакыруу милдетин көздөйт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкекте өтүп жаткан I эл аралык руханий форумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда билдирди. Анын сөзүн президенттин администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев дарегине жеткирди.

"Манас улуттук академиясы, Манас улуттук театры жана "Кыргыз жолу" руханий коому эл аралык руханий форумду өткөрүүнү демилгелешкен. Бул иш-чараны өткөрүүгө биз да колдоо көрсөттүк. Себеби, биз кыргыз эли байыркы эл катары дүйнө элине кайрылууга, чыр-чатактарды, жаңжалдарды, согуштарды токтотууга карата чакырыктарды жасоого укугубуз бар. Аталган иш-чарада элибизди гана биримдик, ынтымакка чакыруу эмес, дүйнө элдерин да тынчтыкка чакыруу милдетин койгонбуз. Учурда тынчтык менен биримдик маселеси дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткандыктан, бул кадам саясий өңүттө эмес, элдик дипломатиянын алкагында ишке ашырылышы зарыл. Манас күчү - биригүү дегендей, иш-чарага белгилүү окумуштуулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышууда. Сиздердин жакшы пикириңиздерди, ойлоруңуздарды күтөбүз", - деп белгилеген Сүйүнбек Касмамбетов.

Ошондой эле Октябрь Капалбаев бүгүнкү иш-чарада кабыл алына турган резолюциядагы пункттарды мамлекеттик мекемелер жана органдар аткарууга аларын айтты.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Манас академиясында I эл аралык руханий форум өтүүдө.

Ага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жазуучу-акындар катышууда.

Иш-чара жалпы адамзатты карманган динине, улутуна, жашаган өлкөсүнө, расасына карабастан, бир туугандык сезимин ойготуп, руханий кайра жаралууга, тынчтык-бакубатчылыкта, ынтымак-биримдик аркылуу өнүгүүгө чакыруу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий