• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эл аралык Түрк академиясы жана Кыргызстан. Кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдөгү алгылыктуу иштер

Маданият 0


Бишкек, 20.03.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкекте 15-март күнү Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин жыйыны өттү. Отурумга Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Казакстан, Азербайжан жана Түркия Билим берүү министрлеринин орун басарлары, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали катышып, 2018-жылы жасалган иштердин жыйынтыгын жана үстүбүздөгү жылдын Планын талкуулашып, жактырышты.

Жыйында Илимий кеңештин мүчөлөрү Академия сунуштаган түрк дүйнөсү боюнча 2019-жылы өтө турган иш-чараларды колдошту жана бекитишти. Андан тышкары жыйында билим берүү жана илим жаатында кызматташтык тууралуу маселелер талкууланган.

Эске сала кетсек, 2014-жылы КРнын Президенти “Түрк академиясын куруу боюнча Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын өкмөттөрү арасындагы келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол коюлган күндөн тартып, түрк мамлекеттеринин тил, тарых жана маданияты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Бул маселе боюнча Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали “Кабар” агенттигине маек берип жатып, “2019-жылы Академияда төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлөт” деп билдирген. Анын айтымында, ага ылайык ушул жылы кыргыздардын тилине, тарыхына жана маданиятына байланыштуу көп иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Ал билдиргендей, Эл аралык Түрк академиясынын катышуусу менен Кыргызстанда көптөгөн долбоорлор ишке ашууда. Анын ичинде бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган улуу инсан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы ЮНЕСКОдо өткөрүлүп, анын китеби чыгарылган. Белгилүү адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун “Чыңгыз Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” деген китеби жарык көргөн. Андан тышкары, Токтогулдун “Манас” сөздүгү, “Манас”энциклопедиясы чыгарылган. Азыр “Манас” эпосу тууралуу белгисиз манасчы Медер Мергенбаевдин версиясы боюнча китеп жарыкка чыкты. Кыргызстанда жашаган адабиятчылардын, акындардын ырлары да чыгарылган. Мисалы, кыргыз жазуучусу Султан Раевдин китеби казак тилине которулуп, жарык көрдү.

Академиянын президенти белгилегендей, андан тышкары Эл аралык Түрк академиясынын “Аталар мурасы” деген чоң мультимедиялык фонду бар. Ал жакта кыргыз элинин маданий мурастары тууралуу көп маалымат берилет. Ошондой эле,үстүбүздөгү жылы да бир топ долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири “Түрк дүйнөсүндөгү ыйык жерлер” деп аталат. Анда Кыргызстандын ыйык жерлери, мисалы, Сулайман-Тоо, Ысык-Көл, Монголиядагы Өтүкен, Самарканд, Бухара жана башка түрк дүйнөсүнүн баардык ыйык жерлеринин картасын жасап, илимий атласы түзүлөт. Академия тарабынан колдон келишинче кыргыз мурасына, түрк мурасына, адабият, тарыхына көңүл бурулуп, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

“2019-жылы эң бир маанилүү иш-чаралардын бири – түрк дүйнөсү сыймыктанган Жусуп Баласагындын “Кутадгу Билиг” китебинин чыкканынын 950 жылдыгын Бишкекте өткөрүү пландалууда. Анын алкагында чоң илимий конференция да өтөт, “Кудатгу Билигдин” кыргызча жаңы котормосу даярдалат. Бишкекте өткөн Илимий жыйында жыйында ошол маселелердин баардыгы талкууланып, макулдук алынды”, - деди ал.

Дархан Кыдырали учурда баардык иш-чаралар кимдин эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу да маалымат берди.

“Академиянын эл аралык статусу болгондуктан, бүт документтерге президенттер тарабынан кол коюлат. Финансылык, түзүлүү жана башка документтердин бардыгы куруучу төрт мамлекеттин орток мамилеси боюнча түзүлгөн. Азырынча каражаттын баардыгы Казакстан тарабынан бөлүнүп келет. Ал эми баардык документтер ратификациядан өткөндөн кийин, мамлекеттер өзүнүн акысын берип баштайт, - деп баса белгиледи ал.

Академиянын кеңсеси Астанада, бирок, иш-чаралары, долбоорлору, илимий конференциялары бүткүл түрк дүйнөсү боюнча өткөрүлөт.

“Биздин Академия тарабынан ар бир өлкө бир багыт катары каралып, ар бирине абдан тыкыр мамиле жасалат. Кыргызстанда жасалган иш-чара, изилдөөлөр сыяктуу эле, Азербайжан, Түркия жана Казакстанда да долбоорлор иштеп, иш-чаралар өтүүдө. Жалпысынан кызматташтык жакшы өтүүдө. Кечээ күнү өткөн билим министрлеринин чогулушу абдан жемиштүү болду. Кыргызстандын билим инсандары, окумуштуулар, профессорлор Эл аралык Түрк академиясынын иш-чараларына, жыйындарына, чогулуштарына жакшы катышууда”, - деди Д.Кыдырали.

Академия, ал билдиргендей, жыл сайын белгилүү инсандарга арналган долбоорлорду иштетип келет. Мисалы, “Түрк дүйнөсүндөгү улуу инсандар” деген долбоор боюнча комиссия түзүлүп, мүчө катары түрк дүйнөсүндөгү ЮНЕСКО улуттук комиссия башчылары, ТҮРКСОЙ, Түрк кеңеши, ТүркПА жана кыргыз окумуштуулары кирет.

“Биз алар менен такташып, улуу инсандардын тизмесине кимдер кирээрин аныктап, анан китебин чыгарабыз, анткени,биздин тарыхыбызда булл инсандардын ролу абдан маанилүү. Мисалы, Манас, Ч.Айтамтов жок кыргыз тарыхын элестетүү кыйын. Биздин тарыхты кишилер жасаган, ошол себептен ошол тизмеге мурунку замандан азыркы күнгө чейинки улуу инсандар кирет.

“Андан башка, биз быйыл бир канча маанилүү даталарды атап өтөбүз. Алардын биринчиси – түрк дүйнөсүнүн сыймыктанаар улуу инсаны Жусуп Баласагундун “Кутадгу Билиг” аттуу чыгармасынын 950 жылдыгы, Түрк дүйнөсүнүн поэзиясында орду чоң Азербайжандын улуу акыны Имамеддин Насиминин 650 жылдыгы, Мустафа Кемаль Ататүрктүн улуттук азаттык козголушун баштагандыгынын 100 жылдыгы, Талас курултайынын 750 жылдыгы жанаТүрк кеңешинин курулушунун 10 жылдыгын өткөрөбүз. Бул иш-чаралардын баардыгы ЮНЕСКОдон баштап, Бишкекте, Стамбулда жана башка шаарларда өтөт”, - деди Д.Кыдырали.

Пикир

Оставить комментарий