• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эл аралык валюта фонду Тажикстанга 190 млн доллар берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду пандемиянын кесепеттеринен улам жабыр тарткан Тажикстан экономикасына жардам берүү үчүн 189,5 миллион доллар бөлүү тууралуу атайын программа кабыл алды.

Уюмдун расмий билдирүүсүндө, бул каражат бюджетти колдоого, экономиканын туруксуздашуусуна жол бербөөгө, COVID-19га байланыштуу саламаттык сактоо чыгымдарын жана социалдык керектөөлөрдү камсыздоого жардам бере турганы айтылган.

Билдирүүдө пандемия Тажикстан үчүн олуттуу экономикалык жана социалдык кесепеттерди алып келери белгиленет. Эл аралык валюта фонду өлкө экономикасы 2% төмөндөй турганын, бюджеттин жалпы тартыштыгы 7,7% чейин көбөйөрүн божомолдоодо.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин 6-майдагы билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 379га жетип, 8 адам көз жумду. Тажик бийлиги 30-апрелге чейин вирус жок экенин айтып келген. Ушул тапта тажикстандык дарыгерлер коргонуу каражаттарына, медикаменттерге өтө муктаж болуп жатканы кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий