• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүп-билишүүдө – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын 82%ы бийлик органдарынын жүргүзүп жаткан иштерди колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген жыйында билдирди.

Анын айтымында, эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүүдө жана сезүүдө.

"Бизден темирдей эркти, дыкат тартипти, кынтыксыз эмгекти, чыныгы чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту жана тарыхтын агымын өзгөртө турган иш-аракеттерге даярдуулукту талап кылган элибиздин бул “ишеним цифраларын” сактап, мындан ары дагы арттырышыбыз керек. Учурда бизден профессионалдуулук менен гана чектелбестен дагы көп нерсе талап кылынат. Биз тарыхый этапты басып өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ доллары) түздү, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөнүн кошумчалады.

“Миңдеген чакырым жол салынып, жүздөгөн мектептер ачылууда, жолчулар, энергетиктер үчүн атайын техникалар сатылып алынууда, ӨКМ жана шаарлар коомдук транспорт менен толук камсыз кылынууда, бардык аймактарда аэропорттор курулууда, өлкө вертолеттор жана самолеттер менен камсыз болду”, – деген ал бул иштер фискалдаштыруунун жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн артында ишке ашкандыгын кошумчалады.

Жапаров айтымында, фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформалар баш аламан болгон жок. "Алар дыкат текшерилген, илимий негизделген ыкмалар менен колдоого алынган жана фискалдык кызматтардын практикалык тажрыйбасы менен иштелип чыккан”,– деп белгиледи Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий