Эльдар Айтматов: Айтматовдун Ысык-Көл форуму уланат

Коом 0

Легендарлуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун Үчүнчү Ысык-Көл форуму Кыргызстандын берметинин жээгинде уланууда. Биринчи форум 1986-жылы өткөн. Жазуучу өзү уюштурган ал форумга заманбап интеллигенциянын өкүлдөрү чакырылган. Экинчи форум 2007-жылы өткөрүлгөн. Ал эми үчүнчү форум жазуучунун 90 жылдыгынын урматына өтүп жатат. Сүрөтчүлөр, музыканттар, композиторлор, тарыхчылар, окумуштуулар жана анын жакын достору, чыгармачылыгынын фанаттары Айтматовдун мекенине келишти. Үчүнчү форумдун темалары жазуучу козгогон маселелер болду. Бул адам жана жаратылыш, адамдын баалуулуктары, согуш жана түбөлүк жаңжалдардын көйгөйлөрү. Үч күндүн ичинде дүйнөнүн төрт бурчунан келген интеллигенттер көрсөтүлгөн темалар боюнча пикир алмашышты.

Форумдун ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул аталган иш-чаранын мамлекеттик мааниси бар экендигин тастыктайт.

Кыргыз элинин улуу жазуучусунун уулу, Чыңгыз Айтматов фондунун президенти Эльдар Айтматов форум, анын катышуучулары жана келечекке койгон пландары тууралуу айтып берди.

Форумга чакырылган коноктор тууралуу айтып берсеңиз?

Бизде биринчи жана экинчи форумга катышкан көп адамдардын тизмеси бар болчу. Албетте алардын баары келе алышкан жок. Көптөрдүн жашы жетип калган, кээ бирлери ооруп жатышат, айрымдарынын, тилекке каршы, көзү өтүп кеткен. Жакын адамдары келишти. Алар жөн гана катышуучулар эмес, достору жана замандаштары. Бул Рустем Хаиров, Мухтар Шаханов, Андрей Золотов. Андан сырткары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу көп китептерди жазган немиспублицисти Эрин Трауд Гутчкев. Айтматов Германияда азыркы күнгө чейин аябай популярдуу. Анын чыгармалары ошол жерде баарынан көп санда жарыяланган. Ар бир жарым жыл сайын ал жакта жаңы чыгармалар чыгып турат. Атам ал жакта эмне үчүн аны аябай жакшы көрүшөрүн эч ким билбейт деп айтып калчу. Атам өзү дагы немис элин жакшы көрчү. Форумда башка жакшы достору жана тааныштары дагы келишти. Жалпысынан форум көптөгөн тарыхчыларды, филологдорду жана алардын искусство дүйнөсүндөгү башка инсандарды чогултту.

Форум жалпысынан алганда кандай өттү?

Форум эң жогорку деңгээлде өттү. Бул уюштуруучулардын жана президенттин аракетинен улам. Көптөгөн министрликтер жана ыктыярчылар жардам көрсөтүштү. Жыйынтыктар боюнча айтсам, форум жөнүндө дагы айтышат, реакциялар болот деп ойлойм. Ар кайсы өлкөлөрдүн башчыларына, БУУга, ЮНЕСКОго болгон кайрылуулар өз реакцияларын табат деп ойлойм. Форумдун негизги идеясы – бул планетада биз бир кайыкта экенибизди дагы бир жолу көрсөтүү. Айтматов ушинтип айткан. Ал өзүнүн чыгармаларында козголгон маселелер ар бирибизге тиешелүү экендигин айтчу. Согуштардын жана жаңжалдардын бардык кесепеттери – адамзаттын дайымкы көйгөйлөрү экенин, баары мындай маселелерди диалог жолу менен чечиши керектигин билдирген.

Айтматовдун Ысык-Көл форуму уланабы?

Бул форум Айтматовдун борборунда уланышы керек. Айтматовдун институтун түзүү сунушталды. Бирок ал окуу жай эмес. Айтматовдун борбору маданий борборду, музейди жана билим берүү борборун камтыйт. Азыр андай жай жок. Жазуучу өзү жашаган үй-музей гана бар. Ал жерде анынчыгармачылыгынан эч нерсе ачылып көрсөтүлгөн эмес. Бирок багыттар аябай көп. Бул Айтматов жана кино, Айтматов жана сүрөт өнөрү, Айтматов жана музыка, дипломатиялык ишмердүүлүк. Мисалы, Ысык-Көл форуму тууралуу эч жерден маалымат ала албайсың. Ал борбордун базасында Айтматовдун идеялары ачыла турган эл аралык мектеп же университет кургубуз келип жатат. Биз бул долбоордун үстүнөн көптөн бери иштеп жатабыз. Форумдун бардык катышуучулары демилгени колдошту. Биздин мамлекет дагы долбоорду колдоп жатат. Жакында биз Айтматов борборунун курулушунун башталышы тууралуу расмий түрдө жарыялайбыз.

Мен ал жандуу борбор болот деп баса белгилеп кетким келет. Ар бир адам ага катышып, кызыктуу бир нерсе тапса болот. Биз музейге баруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, кандайдыр бир билим алуу үчүн шарттарды түзөбүз. Андан сырткары долбоордун идеясында спектаклдерди, тасмаларды көрсөтүү, концерттерди өткөрүү каралууда. Айтматовдун Ысык-Көл форуму ар бир күнү өнүгөт.

Пикир

Оставить комментарий