Эл кызматында 3 жыл. Өлкөдө эмне өзгөрдү?

Коом 0


Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланганына туура 3 жыл болду.

2021-жылы 10-январдагы шайлоодо элдин 79,2 пайыз добушун алып, жеңип чыккан. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети өсүп, ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллиондон ашты.

Курулуш тармагына өзгөчө маани берилип, акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43 мектеп жаңыланды.

Саламаттык сактоонун бюджети 37,7 млрд сомго өстү. 207 медициналык жабдуулар, 335 автоунаа алынды. Айыл чарба тармагына 43,1 млрд сом берилди. Лизингге 2431 техника алынды. Коргоо министрлигине биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 100% жаңыланды, бюджети 4 эсеге көтөрүлдү. Ал эми кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түштү. Аскердик техникалар сатып алынды.

Пикир

Оставить комментарий