• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бүгүн Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Көрүнүктүү маданият ишмерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, бир катар маданият ишмерлери, маркумдун туугандары жана жакын санаалаштары катышты.

Макен Сыдыкбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган.

1958-жылы. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү- коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Ал «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.
Үзгүлтүксүз чыгармачылыктагы жолу жана кесипкөйлүгү аркылуу ал СССР сүрөтчүлөр союзунун, СССР театр ишмерлер союзунун жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Макен Сыдыкбаевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРнин Жогорку Президимунун жана СССР Маданият министрлгинин ардак грамоталары, СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн коло медалы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамдары ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий