• 87
  • 90.41
  • 0.84

Элчи Аида Исмаилова Корея ТИМнин өкүлү Пак Чон Хан менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Корея Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча бюросунун башкы директору Пак Чон Хан менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Корея менен өнүктүрүүнүн расмий жардам линиясы боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын учурдагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Аида Исмаилова Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA), Кореянын экономикалык өнүгүү кызматташтык фондунун (EDCF) багыты боюнча өз ара аракеттешүүсүн жогору баалап, долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Өз кезегинде Пак Чон Хан эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий