Кыргызстан менен Малайзиянын парламенттер аралык мамилелерин өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзия парламентинин сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохамед менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле эки өлкөнүн парламентарийлеринин, анын ичинде спикерлердин деңгээлинде сапарларын алмашуу боюнча биргелешкен ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы “достук топторунун” алкагында өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий