• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Анарбаев Малайзия ТИМнин башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаевд аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысынын орун басары Бала Чандран Тарман менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн эл аралык уюмдарда, анын ичинде БУУда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар мындан ары да мамилелерди чыңдоо үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселеси боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи А. Анарбаев 2027-2028-жылдарга Азия-Тынч океан аймактык тобунан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстан талапкерлигин көрсөткѳндүгү жөнүндө маалымат берип, Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий