• 86.8
  • 91.4
  • 0.83

Анвар Анарбаев Малайзиянын Малакка штатынын губернатору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малакка тарыхый штатынын губернатору Мохамед Али Рустам менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, туризм жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларына басым жасалды.

Элчи Анвар Анарбаев Малакка штатынын башчысына Кыргызстандын таза энергетиканы өнүктүрүү, туризм, айыл чарба жана тоо-кен тармагындагы соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде губернатор Малакканын өкмөтүн жана ири бизнесин Кыргызстан менен кызматташууну түзүүгө жана өнүктүрүүгө шыктандырууга даяр экендигин билдирди.

Элчи Анарбаев жана губернатор Али Рустам Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу катары Малакка шаарындагы "Миң гүл бакчасында" бир убакта шаарга жана штатка атын берген "Малакка" багын отургузуу аземине катышты.

Маалымат үчүн: Малакка штаты жана анын борбору Малакка Малайзиянын тарыхый жана маданий борбору болуп саналат. Малакка Малайзиядагы эң динамикалуу өнүгүп жаткан штаттардын бири жана бул штатта жумушсуздуктун жана кылмыштуулуктун деңгээли эң төмөн. Мамлекеттин экономикасы туризм жана өндүрүшкө негизделет.

Пикир

Оставить комментарий