Элчи Аскар Бешимов Непалдын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Аскар Бешимов Непалдын президенти Рамчандра Пауделге ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанат Катмандудагы президенттик сарайда өттү.

Жолугушууда элчи Бешимов Непалдын башчысына президент Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, кыргыз тарап Непал менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Элчи глобалдык эл аралык проблемаларга карата позициялардын окшоштугу биздин өлкөлөргө эки тараптуу негизде жана БУУда жана башка көп тараптуу платформаларда активдүү өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берерин билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын зор потенциалын белгилеп, эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да активдүү кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн элчи Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, элчи Бешимов Кыргызстандын тоо демилгелеринин алкагында үстүбүздөгү жылдын 10-майында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо токойлорун жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн маалымдады.

Аталган иш-чара президент Садыр Жапаров демилгелеген БУУнун Башкы ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясы менен 2022-жылдын 14-декабрында жарыяланып, Непал тарабы дагы уюштуруучу болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Непалдын президенти Рамчандра Паудел элчини кызматка киришүүсү менен куттуктап, анын мындан аркы иши эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошоруна ишенимин билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин элчи Бешимов Непалдын президенттик сарайынын Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Пикир

Оставить комментарий