• 87
  • 90.41
  • 0.84

Элчи Атаханов Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшырды.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи Авазбек Атаханов Кыргызстандын пезиденти Садыр Жапаровдун атынан Пакистан президенти Асиф Али Зардариге салам жолдоп, Пакистан Кыргызстан үчүн боордош жана көп кылымдык тарыхый жана маданий байланыштары түзүлгөн өлкө экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт, ал ар тараптуу кызматташууга ачык жана Пакистан менен сапаттуу жаңы деңгээлде кызматташууга даяр.

Элчи боордош эки өлкөнүн ортосундагы достукту мындан ары да бекемдөөгө, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы ар тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшарына ишендирди.

Өз кезегинде Пакистан президенти Асиф Али Зардари Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго өзүнүн эң жакшы каалоолорун айтып, элчи Авазбек Атахановду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалап, Пакистан менен Кыргызстан бири-бири менен эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташуусу керектигин, анткени аларды жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий