• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Элчи Азамат Карагулов «Kuwait Times» гезитинин башкы редактору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги эчиси Азамат Карагулов маалыматтык жаатта кызматташтыктын келечегин талкуулоо максатында Кувейттин эң алдыңкы англис тилдүү «Kuwait Times» гезитинин башкы редактору Мустафа Камхия менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө элчи А. Карагулов Кыргызстандын учурдагы коомдук-саясий, экономикалык кайра куруу жана тышкы саясий демилгелерине, анын ичинде өлкөнүн араб багытындагы демилгелерине, ошондой эле Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарындагы элчиликтин негизги жетишкендиктерине токтолду.

Өз кезегинде «Kuwait Times» гезитинин башкы редактору Мустафа Камхия ыраазычылык билдирүү менен, тараптардын соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон аракеттерин жогору баалап, элчиликтин эки мамлекет ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу дипломатиялык ишмердүүлүгүн колдоодо массалык маалымат каражаттарынын ролу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий окуяларды чагылдыруу ишин тыгыз координациялоону макулдашышты жана Кыргызстандын туристтик потенциалын чагылдыруу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө сунуштар менен алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий