• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Элчи Бөкөнтаев Роскызматташтыктын жетекчиси Примаков менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев КМШ иштери, чет жерде жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттигинин (Роскызматташтык) жетекчиси Евгений Примаков менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Роскызматташтык аркылуу өнүгүп жаткан эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын кеңири спектрин, учурдагы жана келечектеги маданий, гуманитардык жана билим берүү долбоорлорун талкуулашты.

Кубанычбек Бөкөнтаев Роскызматташтык линиясы боюнча ишке ашырылып жаткан билим берүү тармагындагы негизги долбоорлор болуп бөлүнгөн квоталар жана "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында кыргызстандык студенттерди Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунда окутуу болуп саналарын баса белгиледи.

Ал ошондой эле социалдык маанилүү программаларды ишке ашырып, билим берүү, илим, маданият, тарых, искусство тармактарында маанилүү иш-чараларды, анын ичинде китепкананы жана окуу фонддорун көбөйтүүгө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, балдар жана жаштар менен иштөөгө багытталган иш-чараларды уюштуруп жаткан Кыргызстандагы Орус үйүнүн активдүү ишин өзгөчө белгиледи.

Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий