• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Элчи Дюшекеев Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда илим жана жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Дастан Дюшекеев Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк жана кош диплом программасы боюнча Кыргызстандын ЖОЖдору менен кызматташтыгын жогору баалады.

Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын улуттук жана мамлекеттик университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары, Дастан Дюшекеев казак тарапты Казакстандын алдыңкы жеке жана эл аралык университеттери менен Кыргызстандын өзгөчө статусу бар алдыңкы беш университеттери менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Элчи Дюшекеев Астанада тоо маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияны биргеликте уюштурууну жана өткөрүүнү сунуштады. Министр Саясат Нурбек сунушту колдоп, Борбордук Азия региондук гляциологиялык борборун тартуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий