Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун финансы министри Юрий Селиверстов менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун финансы министри Юрий Селиверстов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар каржы жана инвестиция чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдөгү долбоорлорду каржылоонун ар кыл варианттарын карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий