• 84.2
  • 93.02
  • 0.93

Элчи Эрбол Султанбаев Гомель облусунун Лельчицк районуна иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларусиагы элчиси Эрбол Султанбаев Гомель облусунун Лельчицк районуна иш сапары менен барды.

Элчиликтен билдиришкендей, иш сапарынын алкагында элчи облустагы ири өнөр жай жана токой чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алардын бири майдаланган курулуш ташын чыгаруучу “Глушкевичи” ишканасында болду. Заводдун продукциялары мамлекеттер аралык стандартка ээ жана экспортко да чыгарылат экен.

Ошондой эле Эрбол Султанбаев тактайларды жана башка жыгач материалдарды өндүргөн Лельчицк токой чарбасында да болду. Лельчицк району Беларустун токойлуу аймактарынын бири болуп саналат. Бул жердин токой аянты 70%ды түзгөндүктөн, тармактын чоң потенциалы бар.

Элчи Эрбол Султанбаев өндүрүш процесстери менен таанышып, аталган ишканалардын жетекчилиги менен эки тараптын өз ара пайдалуу кызматташуу келечегин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий