Элчи Казакбаев Түркиянын коргоо министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев аталган өлкөнүн коргоо министри Яшар Гюлер менен жолугушту, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде аскердик-техникалык чөйрөдөгү, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын аскердик жана коргонуу ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Алдыда боло турган иш-чаралардын графиги каралып, келерки жылы пландаштырылган иш сапарлар жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар талкууланды.

Тараптар аскердик медицина тармагындагы кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты. Бул контекстте элчи 2023-жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин Түркия Республикасынын медицина тармагындагы адистеринин Кыргыз Республикасына жемиштүү жумушчу сапарын оң белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий