• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Элчи Кемелова Кореядагы "Person & People" корпорациясынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын "Person & People" корпорациясында болуп, анын төрага Ли Жин Хо менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү инфекция жуккан бейтаптар үчүн бөлмөлөргө абанын оң жана терс таасирин тийгизген аппараттарды көрсөтүштү. Бул аппараттар азыркы учурда Түштүк Кореянын айрым ооруканаларында колдонулат.

Компаниянын төрагасы Ли Жин Хо менен болгон жолугушууда элчи Кемелова Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүгө багытталган медициналык жабдууларды өндүрүү боюнча кореялык компания менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Элчи менен Ли Жин Хо Кыргызстанга инвестиция тартуу жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө экендигин эске алуу менен Кыргызстанда тиешелүү жабдууларды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Төрага компаниянын продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого уникалдуу укугу бар экендигин айтты. Анын айтымында, компания Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө 1000ден ашуун аппараттарды экспорттогон. Жолугушуунун натыйжасында Корея тарап Кыргызстанга жалпы суммасы 8400 АКШ долларын түзгөн 3 аппаратты бекер берүү ниетин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий