• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Москвадагы кыргыз диаспорасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын шаардык, райондук, коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Москвадагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндөгү “Кыргызстан” павильонунун аянтында өттү.

Анда Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерин жана ийгиликтерин белгилеп, өлкөдөгү ар кыл тармактагы ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, элчи өлкө жетекчилиги тарабынан жаңы жумуш орундарын түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Ошону менен бирге ал өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чет жердеги мекендештердин орду чоң экенине токтолуп, ар бир мекендешибиздин жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун катышуучуларын биргелешкен иштерди активдештирүүгө чакырып, мекендештердин Россиянын аймагында туруусуна жана эмгектенүүсүнө байланышкан маселелерди чечүү иштери тууралуу да айтты.

Бөкөнтаев Москвада өтө турган Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү тууралуу маалымат берип, Москва шаарынын маданий мекемелеринде кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана салт-санаасын даңазалаган бир катар иш-чаралар өтөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий