• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Элчи Марипов Сауд Аравия Падышасынын атынан уюштурулган иш-чарага катышты

Саясат 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара чет мамлекеттердин жетекчилеринин жана жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн, дипломатиялык миссиялардын башчыларынын, белгилүү ислам ишмерлеринин жана илимпоздорунун, ошондой эле ажылык сапарын уюштуруу боюнча делегация башчыларынын катышуусунда өттү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө элчи Марипов Сауд Аравиянын Мураскер Ханзаадасы жана премьер-министри Улуу Даражалуу Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушуп, Сауд Аравиянын жетекчилигин жана элин президент Садыр Жапаровдун атынан Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле республиканын жетекчилигинин атынан ажылыктын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Марипов Меккеге болгон иш сапарынын алкагында кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарын уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жолугушууда кыргызстандык зыяратчылар Кыргызстандын жетекчилигине жана ажылык сапарды уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Сауд Арабияга Кыргызстандан ажылык сапарга 6 миңден ашык зыяратчы келди.

Пикир

Оставить комментарий