• 87
  • 90.43
  • 0.88

Элчи Марипов Сауд Аравия ТИМинин департамент башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Мариповдун Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин башкы директору Насер бин Авад Аль Ганум менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар боордош өлкөлөрдүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуусунун жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, кыргыз-сауд кызматташтыгынын бардык спектри боюнча учурдагы кырдаалды, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды талкуулашты.

Ошондой эле тараптар эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды активдештирүүгө, ошондой эле инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравия менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө бекем ниетин баса белгиледи.

Өз кезегинде Насер бин Аль Ганум Сауд Арабиясынын жетекчилиги эки өлкө ортосундагы салттуу достук мамилелерди мындан ары чыңдоого, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга кызыкдар экенине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана күн тартибиндеги маселелерди алдыга жылдыруу боюнча иштерди улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий